Бишкекте алдамчылык жол менен кайыр сураган жаран кармалды
Милиция майыптар арабасында отуруп кайыр сураган эркек кишини кайрадан кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда майыптар арабасындагы эркек киши өтүп бараткандардан акча сурап жаткан видеолор тараган. Бирок ал өз алдынча баса алары белгилүү болгон.
Милиция кызматкерлери эркек кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126¹-беренеси (кайырчылык) боюнча протокол түзүшкөн. Ага мындай аракеттерге жол берилбей турганы тууралуу эскертүү берилген.
Андан кийин эркек киши кайрадан кайыр сурай баштап, милицияга жеткирилди.
Милиция кармалган адам башка мамлекеттин жараны экенин аныктады. Учурда ага карата чара көрүү, анын ичинде Кыргызстандан чыгаруу маселеси каралууда.