Президентке туугандары кайрылган эки соттолуучуга ырайым берилди
Президент Садыр Жапаровго туугандары кайрылган эки кыргызстандыкка ырайым берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан (ЖАК) тастыкташты.
Биринчиси — жол инспекторуна эки миң сом пара сунуштаганы үчүн эки жылга кесилип кеткен Жалал-Абад облусунун тургуну. Анын уулу өлкө башчысы Тогуз-Торо районуна барганда Садыр Жапаровго кайрылган.
Жогорку сот берген маалыматка караганда, 2025-жылы айдоочулук күбөлүгү жана документтери жок мотоцикл айдап жүргөн өспүрүм кармалып, унаа айып короосуна токтотулган. Атасы мотоциклди протокол түзбөстөн кайтарып алуу үчүн жол кайгуул бөлүмүнүн башчысына 2 миң сом берген. Токмок шаардык соту аны актаган, бирок Чүй облустук соту прокурордун сунуштамасы менен бул өкүмдү жокко чыгарган. Анын күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, аудио жана видео далилдер менен толук тастыкталган.
Экинчиси — агасына донор болуп, бөйрөгүн бериши керек болгон жаран. Ал экстремизм беренеси боюнча соттолгону айтылган. Президентке кайрылган агасы иниси негизсиз айыпталып, жети жылдан бери жаза өтөп жатканын билдирген. Сот аны жалпысынан 10 жылга эркинен ажыраткан болчу.
Жазаларды аткаруу кызматынан эки жаран тең ырайым алып, бошотулганын билдиришти.