Кыргызстанда жашы 60 жаштан ашкан 52,3 миң адам жалгыз жашайт
20.11.26 | 09:50
Кыргызстанда жашы 60 жана андан улуу курактагы 52,3 миң адам жалгыз жашайт. Мындай маалыматтар 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча 19-ноябрда Бишкекте тааныштырылган «Кыргыз Республикасындагы калктын картайышы жана жакырчылык» аналитикалык серебинде келтирилет.
Жалгыз жашаган улгайган адамдардын арасында аялдар 74,3%ды түзөт.
Изилдөөгө ылайык, 60 жаштан ашкан аялдардын арасында жалгыз жашагандардын үлүшү 11,2%ды, эркек кишилердин арасында — 5,2%ды түзөт. Шаарларда бул көрсөткүч 15,9%га жетет, айыл жеринде — 4,3%.
Редактор
Редактор
Поделиться: