Жарнама

Баткенде 100 млн сомдук көчөттөр куурап калган

20.11.26 | 09:53
Баткенде 100 млн сомдук көчөттөр куурап калган КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Баткен облусунун Лейлек районунда "Жашыл чек ара" долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызы куурап калганы аныкталды. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 100 миллион 887 миң 900 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош экологиялык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө долбоордо каралган иштер толук аткарылбаганы белгилүү болду.

"Ошондой эле көчөттөрдүн өсүп чыгышы жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлгөн эмес.Натыйжада отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызга жакыны куурап калган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча