Жарнама

Ван Гогдун картинасы аукциондо 190,4 млн долларга сатылды

20.11.26 | 10:03
Ван Гогдун картинасы аукциондо 190,4 млн долларга сатылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Нью-Йоркто өткөн Sotheby's аукционунда нидерландиялык сүрөтчү Винсент ван Гогдун “Гүлдөгөн каштан” аттуу картинасы 190,4 млн долларга сатылды. Бул сүрөтчүнүн эмгектери арасында жаңы аукциондук рекорд болгонун БелТА билдирди.

Маалыматка ылайык, 1890-жылы тартылган картина быйылкы аукциондук сезондо эң кымбат сатылган чыгарма болду.

Ван Гогдун буга чейинки рекорду 2022-жылы коюлган. Анда Нью-Йорктогу Christie's аукционунда сүрөтчү 1888-жылы тарткан “Кипаристер өскөн бак” аттуу картинасы 117,2 млн долларга сатылган.

“Гүлдөгөн каштан” картинасын 1909-жылы германиялык басма ишкери Самуэль Фишер сатып алган. Бирок 1936-жылы анын үй-бүлөсү картинаны сатууга аргасыз болгон. Фишердин мураскерлери бул чечим нацисттик режимдин тушундагы оор саясий жана каржылык кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын билдиришкен.

Мураскерлер картинанын ошол кездеги сатылышынын шарттарына шек келтирип, Sotheby's аукциондук үйүнөн анын 1936-жылы чыныгы базар баасында сатылганын далилдөөнү талап кылышкан.

17-ноябрда Sotheby's аукциондук үйү картинанын азыркы ээси Блакье-Арриета үй-бүлөсү менен Самуэль Фишердин жана анын жубайы Хедвигдин мураскерлери ортосунда макулдашууга жетишилгенин жарыялаган.

Блакье-Арриета үй-бүлөсү картинаны 1975-жылы сатып алып, ошондон бери сактап келген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча