Бишкекте автобустун 54 жаштагы айдоочусу өзү башкарган унаанын астында калып каза болду
Бишкекте өзүнөн өзү жылып кеткен автобустун астында калган айдоочу каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 19-ноябрда саат 15:50лөр чамасында Интергельпо жана Кең-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Алдын ала аныкталгандай, 54 жаштагы айдоочу №10 каттамын аяктап, "Анкай" (Ankai) үлгүсүндөгү транспорттон түшкөн. Бирок автоунаа өзүнөн өзү жылып кеткен.
"Айдоочу аны токтотуу үчүн жүргүнчүлөр кирүүчү эшикти көздөй чуркап баратып чалынып жыгылган да, өзү айдаган транспорттун астында калган. Автобус андан ары жылып барып, №57 мектептин тушунда жол жээгинде токтоп турган Toyota Prius жана Mazda 626 үлгүсүндөгү эки жеңил унааны сүзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркаган айдоочу ооруканага жетпей каза болгон. Учурда укук коргоо органдары транспорт каражаты кол тормозуна коюлган-коюлбаганын тактап жатат.