Келерки жылдан тарта социалдык жөлөк пулдар көбөйөт
2027-жылдын 1-январынан тарта ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык төлөмдөр жөнүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын маалыматына караганда, майыптыгы бар балдарга төлөнүүчү жөлөк пулдун өлчөмү азыркы 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин көбөйөт.
“Ошондой эле 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандарга, анын ичинде бала кезинен майыптыгы бар жана жалпы оорудан улам майып болгон адамдарга төлөнүүчү жөлөк пулдар да 2-3 миң сомго жогорулайт.
Мындан тышкары, Аксы, 2010-жылдагы жана Баткен окуяларында, ошондой эле 2021-2022-жылдардагы куралдуу кагылышууларда жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү кошумча социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү да көбөйөт.
Ошондой эле жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмү жогорулайт”, - деп билдирди Максат Туларбек кызы.