Он айда 23 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды
Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айында (январь айынан октябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 23 миң 414 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы 10 айына салыштырганда 28,3% же 5160 фактыга көп.
Укук бузуу жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 7432 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 3901 адам камакка алынып, 2362 киши коомдук ишке тартылган. Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен 31 кылмыш иши козголгон.
Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатканын көрсөтөт. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4212 окуяга көп.
2025-жылы ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.