Бишкек мэриясы айдоочунун өмүрүн алган автобус кырсыгы боюнча үн катты
«Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасы №2 электробустун айдоочусу каза болгон жол кырсыгынын жагдайларын иликтөө үчүн комиссия түзөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Комиссиянын жыйынтыгы боюнча компенсация төлөп берүү каралат. Талкаланган унаалардын ээлеринин чыгымы азыркы мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу аркылуу төлөнөт.
Жол кырсыгы 19-ноябрда күндүзгү саат 4 чамасында болгон.
Мэриянын маалыматы боюнча, мамлекеттик номуру 01KG192ВР болгон «Ankai» үлгүсүндөгү электробус Кең-Суу көчөсүндөгү «Фрунзе» заводунун жанындагы акыркы аялдаманын унаа токтотуучу жайында турган. Айдоочу транспорт каражатын токтотуучу (кол) тормозго койгон эмес, мунун кесепетинен электробус өз алдынча кыймылдай баштаган.
Жыйынтыгында электробус Интергельпо көчөсүн кесип өтүп, токтоп турган «Тойота Приус» жана «Мазда» унаалары менен кагышкан.
Айдоочу транспортту токтотууга аракет кылып, оор жаракаттарды алган. Тез жардам кызматы аны шаардык ооруканага жеткирген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, айдоочу медициналык мекемеде каза болгон.
Окуя болгон учурда электробуста жүргүнчүлөр болгон эмес.
Учурда тиешелүү органдар териштирүү жүргүзүп, окуянын бардык жагдайларын аныктап жатышат.