Чүйдө ишкерден 100 миң доллар талап кылган деген шек менен эки адам кармалды
20.11.26 | 12:09
Чүй облусунун ишкерлеринен 100 миң доллар опузалоо фактысы аныкталды, деп билдирди УКМК.
Тергөөнүн жүрүшүндө багбанчылык шериктештигинин төрагасы өзүнүн шериги менен биргеликте кум-шагыл аралашмасын казып алуу боюнча мыйзамдуу ишмердүүлүккө жасалма тоскоолдук жаратуу менен коркутуп, ишкерлерден акча талап кылышканы аныкталды.
17-ноябрда опузалоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында талап кылынган акчанын 30 миң долларын алып жаткан жеринен 1989-жылы туулган Ж. У. К. жана 1969-жылы туулган К. Т. М. кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Редактор
Редактор
Поделиться: