Жарнама

Бишкекте накталай төлөм жоюлгандан кийин ай сайын жол киреден түшкөн каражат көбөйдү

20.11.26 | 12:20
Бишкекте накталай төлөм жоюлгандан кийин ай сайын жол киреден түшкөн каражат көбөйдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Коомдук транспортто накталай төлөө жокко чыгарылгандан кийин Бишкек ай сайын кошумча 50 млн сомго жакын каражат алууда. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айдоочуларга жол кире төлөөдөгү ачык эмес эсептешүүлөрдөн улам муниципалитет каражаттын бир бөлүгүн толук албай келген. Накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин түшкөн каражаттар ачык-айкын болуп калды.

Муну менен бирге анын айтымында, автобустардын жана жол кире транзакцияларынын саны көбөйгөн. Эгерде өткөн жылы күнүнө орточо 840-850 миң транзакция катталса, азыр бул көрсөткүч 1 млн 30 миңге жакын.

Вице-мэр муниципалитетте тиешелүү талдоо бар экенин жана аны берүүгө даяр экендигин билдирди.

Бишкектин автобустарында жол кирени накталай төлөөдөн толук баш тартуу 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча