Жарнама

"ЭлКат" Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирчү жалгыз оператор болот

20.11.26 | 14:00
"ЭлКат" Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирчү жалгыз оператор болот КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"ЭлКат" мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз оператор болот. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды.

Маалыматка караганда, аталган компанияга бул багытта мөөнөтсүз өзгөчө укук берилет.

"Башка интернет-провайдерлерге эл аралык байланыш каналдары боюнча келишимдерин "ЭлКатка“ өткөрүп, интернет-трафикти анын инфраструктурасы аркылуу гана алуу сунушталды", — деп айтылат токтомдо.

Бул үчүн аларга токтом күчүнө киргенден кийин 60 күн убакыт берилмекчи.

Мындай чечим өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн бекемдөө, эл аралык маалымат агымдарына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча