MEGA "Бардык кинотеатрлар + ТV" акциясын баштады, эми кинотасмалар жана телеберүүлөр − 30 күн бою акысыз!
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору "Бардык кинотеатрлар + ТV" кызматынын жаңы колдонуучуларына кеңири белгилүү онлайн -кинотеатрларга жана телеканалдарга 30 күн бою акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Акция 2026-жылдын 20-ноябрынан 31-декабрына чейин уланат. Бул мезгилде жаңы колдонуучулар «Этномедиа», Megogo, RizaNova, Wink жана START компанияларынан, ошондой эле 200дөн ашык телеканалдардан кинолорду, сериалдарды, телешоу-прогаммаларды жана сериалдарды акысыз көрө алышат.
MegaTV менен көңүл ачуу каалаган убакта жана ар кандай түзмөктөрдө: Smart TV, смартфондордо, планшеттерде жана компьютерлерде жеткиликтүү. Көрүү үчүн MegaTV колдонмосун (App Store жана Google Play) же megatv.kg сайтындагы веб-версиясын колдонсоңуз болот. Бир жазылуу менен бир убакта беш түзмөккө чейин кошууга мүмкүн.
Бул сунуштан колдонуу үчүн, *725*1# буйруусун терип же MegaPay колдонмосу (App Store жана Google Play) аркылуу "Бардык кинотеатрлар + ТВ" кызматын кошуу керек.
Бул акция жаңы колдонуучулар үчүн гана жеткиликтүү. Эгер буга чейин сыноо мөөнөтүн активдештирген болсоңуз, сунушту акысыз колдонуу мөөнөтү кайрадан берилбейт.
MegaTVни кошуп алыңыз да, бүгүн көрүүнү каалаган телеберүүңүздү тандаңыз!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР