Жарнама

Бишкекте жактоочунун жардамчысымын деп 10 миң доллар алган шектүү кармалды

20.11.26 | 14:52
Бишкекте жактоочунун жардамчысымын деп 10 миң доллар алган шектүү кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген 37 жаштагы К.Ж. аттуу жаранды кармашты. Милициянын маалыматына караганда, ал борбор калаанын тургунуна өзүн жактоочунун жардамчысы катары тааныштырып, анын уулуна козголгон кылмыш иши боюнча маселелерди чечип берүүнү убада кылган.

Экспертизаларга, медициналык документтерди даярдоого жана башка кызматтарга деген шылтоо менен арыз ээсинен жалпысынан 10 миң доллар акча алган. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча