Жарнама

Быйыл Бишкек автобустарында жол кире төлөбөй жүргөндөргө 785 протокол түзүлдү

20.11.26 | 15:13
Быйыл Бишкек автобустарында жол кире төлөбөй жүргөндөргө 785 протокол түзүлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2026-жылдын 10 айында Бишкектин автобустарында жол кире төлөбөй жүргөндөргө 785 административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, Транспорт департаменти туруктуу негизде рейддерди өткөрүп турат.

Жыл башынан бери жалпы суммасы 471 миң сомдук айып пул өндүрүлдү.

«Тулпар» долбоорунан кошумчалашкандай, аларда 20 адамдан турган көзөмөл кызматы иштейт. Кызматкерлер билетсиз жүргүнчүлөрдү аныктап, өз алдынча да, Транспорт департаменти жана «Бишкек шаардык транспорту» ишканасы менен биргеликте да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, борбор калаанын коомдук транспортунда накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин жол кире төлөбөгөндөр көбөйгөн.

Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол кире жана жүк ташуу акысын төлөбөө, ошондой эле шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч (1 миң сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча