Президенттик шайлоодо чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн 74 шайлоо тилкеси ачылат
2027-жылдын январь айында өтө турган президенттик шайлоодо чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар үчүн добуш берүүчү 74 тилке ачылат. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын жыйынында белгилүү болду.
Комиссия мүчөлөрү токтом бекитишти, ага ылайык шайлоо тилкелери 33 өлкөдө ачылат:
Россия — 20;
Түркия — 6;
Казакстан — 6;
АКШ — 5;
Өзбекстан — 2;
Корея — 3;
Италия — 3;
Германия — 2;
Кытай — 2;
БАЭ — 2.
Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларус, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда — бирден тилке ачылат.
Ошол эле учурда БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров бул акыркы тизме эместигин жана ал дагы толукталарын белгиледи.
Буга чейин БШКдан Кыргызстанда 2 миң 492 шайлоо тилкеси ачылганын билдиришкен. 2025-жылдагы шайлоодо чет мамлекеттерде 100 участкалык шайлоо комиссиясы (УШК) иштеген.
Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкер болуу каалоосун 11 жаран билдирген. Шайлоочулардын алдын ала тизмесине 4 миллион 467 миң 40 жаран кирген.