УКМК тыюу салынган сектанын мүчөлөрүн кармады
УКМК тарабынан диний экстремизмге каршы аракеттенүүнүн алкагында 18-ноябрда Чүй облусунда жана Бишкек шаарында «Иеговист-Ильинчилер» («Десное братство») сектасынын 7 адамдан турган уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдар тарабынан соттун чечими менен тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» идеологиясын жайылтуу фактылары боюнча далилдер алынган.
"Кармалган адамдардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында идеологиялык мазмундагы адабияттар, байланыш каражаттары, маалыматт берүүчү түзүлүштөр, экстремисттик материалдарды таратуу жана жөнөтүү каражаттары жана башка буюмдар табылып, алынган.
Тергөө иштери улантылууда", - деп айтылат расмий маалыматта.
УКМК жарандарды дин үйрөнүүдө диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө расмий уруксат берүүчү документтери бар окуу жайларда гана билим алууга чакырат.