Жарнама

Эмгек министрлиги Жалал-Абаддагы пенсиянын мыйзамсыз чегерилиши боюнча үн катты

20.11.26 | 16:50
Эмгек министрлиги Жалал-Абаддагы пенсиянын мыйзамсыз чегерилиши боюнча үн катты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жалал-Абад психиатриялык райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиясындагы (МСЭК) мыйзам бузуу тууралуу буга чейин жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Соцфонд комиссияны 4-сентябрда текшерип, материалдарды тариздөөдө мыйзам бузууларды аныктаган.

Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору чогултулган материалдарды укуктук баа берүү жана чара көрүү үчүн Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүп берген. Министрликтен билдиришкендей, материалдарды укук коргоо органдарына министрликтин тутумундагы тармактык түзүм өз демилгеси менен жөнөткөн.

Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Эмгек министрлиги өз компетенциясынын чегинде тергөөгө көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча