Ошто жол кырсыгынан 7-12 жаштагы эже-сиңди каза болду
Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан бир тууган эже-сиңди каза болду. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсык 17-ноябрдын таңында болгон.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам автоунаа жолунун 5-чакырымы - Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылында 18 жаштагы айдоочу (М.К.) Daewoo Matiz үлгүсүндөгү машине менен чыгышты көздөй бара жатып эки өспүрүм кызды (2014-жылы туулган М.Ф. жана 2019-жылы туулган М.С.) сүзүп кеткен.
Кыздар Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 18-ноябрда алган оор жаракатынан ооруканада каза болгон.
Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөө кызматы тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, автоунаа айып короого токтотулду. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык болгон жерде жол белгилери, жөө адамдар өтүүчү чийиндер жана жол сызыктары бар экенин кошумчалады.