Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулары бар балдардын ата-энелери үчүн пансион куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоордун негизги максаты — балдары аталган борбордо дарыланып жаткан ата-энелер үчүн жашоого жана эс алууга ылайыктуу шарттарды түзүү.
Жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзгөн пансион 70 орунга ылайыкталган. Долбоордо 14 эки кишилик номер, намазкана, 4 кызматтык кабинет, конференц-зал, спорт зал, ашкана, кир жуучу жайлар, санитардык бөлмөлөр, кампалар жана башка кошумча жайлар каралган.
Объект президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата долбоордун А блогунда плита жабуу, Б блогунда мамычаларды орнотуу, ал эми В блогунда плиталарды бетондоо иштери бүттү.