Жарнама

Амирдин өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин мурдагы кызматкери кармалды

21.11.26 | 16:30
Амирдин өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин мурдагы кызматкери кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Аскер прокуратурасы "Ала-Арчада" каза болгон 15 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы Азиз Эгембердиевди кармады.

Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2027-жылдын 13-январына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасын тандады.

Эске салсак, 7-ноябрда "Ала-Арча" жаратылыш паркында 15 жаштагы Амир Кунакунов дайынсыз жоголгон. Ал "Адыгене" капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Саат 19:02де өспүрүм ӨКМге чалып, адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү "Электро" чокусунун аймагынан табылган.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын Аскер прокуратурасы "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыяланып, анын орун басары Алмазбек Асанов жана министрликтин дагы эки кызматкери иштен алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам чара көрүүнү уюштурууда, куткаруу бөлүктөрүнүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук көзөмөлдө олуттуу кемчиликтер аныкталган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча