Жарнама

Алайда 37 жаштагы жаран аялын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө

21.11.26 | 17:36
Алайда 37 жаштагы жаран аялын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунда аялын сабап өлтүрүүгө шектелген 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 20-ноябрдан 21-ноябрга караган түнү болгон.

"1989-жылы туулган М.Б. аттуу жаран үйүндө мас абалында 1990-жылы туулган жубайы К.А. менен пикир келишпестиктен улам уруша кетип, аялы сабалып көз жумду. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жубайлар буга чейин үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер боюнча милицияга кайрылышкан эмес", - деп кошумчаланды маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча