«BMW» айдаган мас айдоочу милициядан качып, кызматтык унааны сүздү
Бишкекте милиция кызматкерлeринен качууга аракет кылган «BMW» айдоочусу кармалды. Куу учурунда ал укук коргоочулардын кызматтык унаасы менен кагышты, деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.
Окуя 22-ноябрда саат 00:30да Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде болду. Айдоочу милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбей, кетип калууга аракет кылган.
Куушуу учурунда айдоочу милициянын кызматтык унаасы менен кагышты. Аны Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде токтотушту.
Текшерүү учурунда айдоочу мурда унаа башкаруу укугунан ажыратылганы жана мас абалда рулда отургандыгы аныкталды.
Бул боюнча майда бейбаштык боюнча протокол түзүлдү.
Унаа айып короого коюлду, ал эми айдоочу райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоо жайына киргизилди.