Жарнама

Эки күндө Бишкекте 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды

23.11.26 | 09:52
Эки күндө Бишкекте 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте таштандыларды чыгаруу боюнча масштабдуу акцияда жалпысынан 2 963 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 348 тонна таштанды кошумча тартылган атайын техникалардын жардамы менен чыгарылды.

20-ноябрда — 198 тонна;

21-ноябрда — 150 тонна.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы күнүмдүк тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн 115 атайын техниканы ишке тартты. Мындан тышкары, ири көлөмдөгү таштандыларды чогултуу жана чыгаруу иштерине кошумча 31 атайын техника тартылды.

"Борбор калаанын төрт районунда тең эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын чыгаруу иштери жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча