Жарнама

Айсулуу Тыныбекованын Париж Олимпиадасында кийген трикосу 600 миң сомго сатылды

23.11.26 | 09:55
Айсулуу Тыныбекованын Париж Олимпиадасында кийген трикосу 600 миң сомго сатылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын Париждеги Олимпиада оюндарында кийген спорттук кийими кайрымдуулук аукционунда 600 миң сомго сатылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул трико спорттогу эмгеги, толкундануусу жана баа жеткис эскерүүлөрү менен байланыштуу. Спортчу андан ажыроо оңой болбогонун, бирок түшкөн каражаттын кайрымдуулукка жумшалары кубандырганын белгиледи.

"Чогулган каражат жаштарга билим алууга багытталат. Колдоо көрсөткөн ар бир адамга чоң рахмат. Эң чоң жеңиш өз ийгилигиң менен башкаларга жакшылык тартуулоо",- деп жазды Тыныбекова.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча