Жарнама

Сулайман-Тоо музейи реконструкцияга байланыштуу жабылат

23.11.26 | 10:19
Сулайман-Тоо музейи реконструкцияга байланыштуу жабылат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 ”Сулайман-Тоо“ улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде реконструкциялоо иштеринин биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда курулуш техникалары тартылып, алгачкы иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында музей-комплексинин инфраструктурасын жаңылоо, зыяратчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Реконструкциялоо иштери Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий баалуулугун жана уникалдуу мурасын сактоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

23-ноябрдан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейлери толугу менен жабылат. Ал эми музейдин башкы имаратындагы экспозиция залы көрүүчүлөр үчүн ачык болот.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча