Бишкекте 24-ноябрда карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт
23.11.26 | 11:03
Бишкекте 24-ноябрда электр энергия үчүн карызы бар 5.4 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
Ишкана абоненттерди жарыктын акчасын убагында төлөөгө чакырат.
Жарандар жана ишкана-мекемелер Бишкек электр тармактары ишканасынын сайтындагы “Абоненттин балансы” бөлүмү же “Менин жарыгым” тиркемеси аркылуу жеке эсебин көрө алат.
Ошондой эле 1209, 105, 0772/0556 00 12 09 номерлеринин бирине чалууга же 0702 001209 WhatsApp номерине жазууга болот.
Акчаны терминалдар, электрондук капчык аркылуу же “Кыргызпочтасынын” бөлүмүнө барып төлөсө болот.
Редактор
Редактор
Поделиться: