Жарнама

134 миңден ашык кыргызстандык Орусияга кире албайт

23.11.26 | 11:22
134 миңден ашык кыргызстандык Орусияга кире албайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын 134 миңден ашык жараны Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде турат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграциялык процесстер жана өнүктүрүү программалары бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Каримов билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын 1-октябрына карата дагы 80 миңге жакын кыргызстандык Россиянын көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилген.

«Бүгүнкү күндө 134 миңден ашык жараныбыз кара тизмеде, башкача айтканда Орусияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде турат. 1-октябрга карата көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине 80 миң жараныбыз киргизилген», — деди мекеменин өкүлү.

Мында сөз миграциялык көзөмөлдүн эки башка механизми жөнүндө болуп жатат. Кирүүгө тыюу салуу Россиянын чек арасынан өтүү мүмкүнчүлүгүн чектейт, ал эми көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестри миграциялык көзөмөлдүн атайын чаралары колдонулган чет элдиктерге карата иштейт. Бул тизмелердеги маалыматтар бири-бирине дал келип калышы мүмкүн, ошондуктан алардын көрсөткүчтөрүн кошуп эсептөө туура эмес.

Эркинбек Каримов ошондой эле октябрь айынын башында Россияда Кыргызстандын 584 миң 484 жараны болгонун билдирди. Ал келтирген маалыматтарга ылайык, чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын жалпы саны 837 миң 812 адамды түзгөн.

Эфирдин жүрүшүндө Россиядагы миграциялык талаптардын катаалдашы талкууланды. Атап айтканда, 3-ноябрдан тартып чет элдиктерди өлкөдөн чыгарууга негиз боло турган административдик укук бузуулардын тизмеси кеңейтилген.

Алардын арасында Эмгек министрлигинин өкүлү майда бейбаштыкты, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөнү, баңгизаттарга байланыштуу айрым мыйзам бузууларды, ошондой эле россиялык армияны дискредитациялоону атады.

Анын айтымында, так ушул жаңы негиздер боюнча өлкөдөн чыгарылган кыргызстандыктардан министрликке жана анын Москвадагы өкүлчүлүгүнө азырынча кайрылуулар түшө элек.

Эркинбек Каримов жарандарга миграциялык документтерди өз убагында тариздөө, эмгек келишимдерин түзүү жана барган өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгын эскертти.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча