Чүйдөгү "Чалдыбар" чек ара бекети унаалар үчүн 2027-жылдын аягына чейин жабылат
Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар — автожол" өткөрмө пункту 2027-жылдын соңуна чейин автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"23-ноябрдан баштап унаалар жарым-жартылай чектөө менен өтө баштаса, 25-ноябрдан тарта эки тарапка тең каттоо токтотулат. Бирок жөө адамдар мурдагыдай эле өтө беришет", — деп айтылат билдирүүдө.
Чектөөлөр коңшу Казакстан тараптагы "Сыпатай Батыр — автожол" бекетинде жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Казак тараптын алдын ала маалыматы боюнча, унаалардын кыймылы 2027-жылдын аягында гана калыбына келтирилет.
Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды каттамдарын алдын ала пландап, Чүй облусундагы "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң" жана "Токмок" пунктуларын колдонууга чакырат.