Бишкекте аялдамада эки автобус сүзүштү
23.11.26 | 12:16
Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарынын 5-кичи районундагы Юнусалиев көчөсүндөгү аялдамада эки автобус сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, окуя саат 10:00 чамасында №52 жана №162 каттамдар боюнча жүргүнчү ташыган эки автобус кагылышты. Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок.
"№52 каттамдагы автобустун айдоочусу С. М. Юнусалиев көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, аялдамада каптал аралыкты сактабай, Э. О. башкарган №162 каттамдагы автобус менен кагылышты.
Кырсыктын кесепетинен №52 каттамдагы автобустун П-4 жана П-5 айнектери сынган. Айдоочу С.М. күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген материалдык чыгымды эмгек акысынан төлөп берүү жөнүндө арыз жазды", - деп кошумчаланды маалыматта.
Редактор
Редактор
Поделиться: