Бишкекте аялдын бетин канжалата сабаган шектүү кармалды
Бишкекте кошуна аялга кол салды делип эркек киши каралды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда шаардык милиция билдирди.
Буга чейин аталган жагдайдын видеосу интернет желесине тараган.
Милициянын маалыматына ылайык, 18-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда ал коңшусу менен болгон чыр-чатактын жүрүшүндө денесине жаракат келтирилгенин, ошондой эле анын дарегине сөгүнгөн сөздөр айтылганын билдирди.
Натыйжада 1975-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Анын кортундусунан кийин милиция шектүүгө кошумча укуктук баа берилерин кошумчалады. Тергөө уланууда.