Жарнама

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда 3 унаа кагышып, 3 адам жабыркады

23.11.26 | 13:55
Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда 3 унаа кагышып, 3 адам жабыркады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда жүк ташуучу унаа, Hyundai Sonata жана Ford Focus катышкан жол кырсыгынан үч адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгы 22-ноябрда саат 16:30 чамасында жолдун 134-чакырымында болгон. Чыгышты көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун ортосундагы тосмону сүзүп, каршы тилкеге чыгып кеткен. Ал жерден Hyundai Sonata жана Ford Focus үлгүсүндөгү жеңил унаалар менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен үч адам жаракат алган. Алар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча