Кыргызстанда адал продукцияга QR-код коюу сунушталды
Кыргызстанда адал продукциянын таңгагына атайын QR-код түшүрүп, анын талаптарга шайкештигин текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталууда. Экономика министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, адал продукцияны өндүргөн жана саткан ишкерлердин, сертификат берүүчү уюмдардын жана техникалык аудиторлордун реестри түзүлүшү мүмкүн. Продукциянын таңгагына "Адал" деген белги жана атайын QR-код коюлат. Бул белги продукциянын адал стандарттарынын талаптарына жооп берерин ырастайт.
Мындан тышкары, мал союу жана алардын азыктарын даярдоо ветеринардык ченемдерге жана адал стандарттарына ылайык жүргүзүлүшү керектиги белгиленген. Адал продукцияны өндүрүү, иштетүү, таңгактоо, сактоо жана ташуу да тиешелүү талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Долбоордо адал талаптарынын аткарылышын текшерген техникалык аудитор-эксперт деген түшүнүк да киргизилүүдө. Алар атайын квалификацияга жана компетенттүүлүккө ээ болуп, бул багыттагы сертификаты болушу керек.