Жарнама

Автомектепти бүткөндөн кийин 6 айда сынактан өтпөсөң, кайра автомектепте окуш керек

23.11.26 | 15:41
Автомектепти бүткөндөн кийин 6 айда сынактан өтпөсөң, кайра автомектепте окуш керек КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жаран автомектепти аяктагандан кийин 6 ай ичинде теориялык сынакка катышпаса гана анын күбөлүгү жараксыз болуп, кайра автомектепте окушу керек болот. Мындай талап өкмөттүн токтомунда каралган. Бул тууралуу Унааларды каттоо борбору билдирди.

Мекеменин түшүндүрмөсү боюнча, жаран автомектепти бүткөндөн кийин алгачкы 6 айдын ичинде теориялык экзаменге жок дегенде бир жолу келип, катышышы керек. Ошол алты айдын ичинде сынактан өтпөй калса да ал кайра окууга жөнөтүлбөйт. Болгону теориялык сынактан өткөнгө чейин экзаменди тапшыра берет. 

Автомектепти аяктагандан кийин жаран 6 ай ичинде теориялык сынакка такыр келбей, катышпай койсо гана анын күбөлүгү жараксыз болуп, кайра окушу керек болуп калат.

Теориялык сынактан өткөндөн кийин пратикалык экзаменди тапшыруу керек. Эгер жаран практикалык сынактан 6 ай ичинде өтө албаса, ал кайра теориялык экзаменге жөнөтүлөт.

Ошондой эле, жаран автомектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктү алгандан кийин 6 ай ичинде теориялык сынакка келип, андан өтүп, бирок практикалык экзаменге кирбей, чет өлкөгө 1 жылга кетип калган болсо да, ал мекенине келгенден кийин кайра автомектепке окууга жөнөтүлбөйт. Болгону кайра башынан тероиялык, андан кийин практикалык сынакты тапшырышы керек болот. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча