УКМК жалганчы милиционерлерди кармаганын жарыялады
23.11.26 | 16:30
УКМК өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан акча талап кылган адамдарды кармады.
Тактап айтканда кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары: 1986-жылы туулган М. Ш. Г., 1983-жылы туулган М. Р. К. жана 1982-жылы туулган М. Б. Р. камакка алынды.
Алар өздөрүн Жайыл РИИБдин кызматкерлери катары тааныштырып, Кыргыз Республикасынын жараны Ж. у. А.дан 300 000 сом талап кылышкан.
Редактор
Редактор
Поделиться: