Жарнама

Насыя алгандардын саны үч эсе өстү

23.11.26 | 18:12
Насыя алгандардын саны үч эсе өстү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында микрокредиттик компаниялар тарабынан 76 млрд сомдон ашык акчага насыя берилген. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.

Насыя алгандардын саны 2 миллиондон ашкан. Былтыркы тогуз айга караганда быйылкысында 20.7%га же 15.7 млрд сомго көп насыя берилип, насыя алгандардын саны 3 эсе өскөн.

Статистика комитети кыска убакытка онлайн насыя берүү өнүккөндүктөн чакан насыя алгандардын саны көбөйдү дейт.

Насыялардын көбүн же 61%ын жарандар кем-карчы, тиричилик үчүн алган.

Дагы насыянын 15%ын жарандар айыл чарба тармагындагы ишин, 13%ын соода жана тамактануу тармагындагы ишин өстүрүү үчүн алган.

Насыя алгандардын дээрлик жарымы Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жашагандар болгон. 

Насыяга берилген акчанын көбүн Бишкек шаарында (дээрлик 33%ы), Ош (15%), Жалал-Абад (дээрлик 13%) жана Чүй (12.5%) облустарында жашагандар алган. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча