Айрым акимдер менен мэрлер кызматтан бошотулушу мүмкүн
Айрым акимдер менен мэрлер кызматтан бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров төрагалык кылган Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешмеде белгилүү болду.
Кеңешмеде 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, айрым райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары сунушталды.
Мониторинг аймактарды өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, кадр саясаты жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугу маселелерин камтыды. Анын жыйынтыгы боюнча бир катар аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде, анын ичинде ишти уюштурууда, жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жана кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугун камсыз кылууда кемчиликтер аныкталды.
Натыйжада айрым жетекчилерге карата тартиптик чараларды көрүү, ал эми кээ бир акимдерди жана мэрлерди ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталды.