Касымалиев: Жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселелер президентке жетип жатат
Жергиликтүү жетекчилер өз деңгээлинде чечүүгө тийиш болгон маселелер чечилбей, жарандар президентке кайрылып жатканы ойлондурат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев республикалык кеңешмеде билдирди.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, мамлекет башчы өлкөнүн бардык аймактарын бир кылка өнүктүрүү милдетин коюп келет, бирок жергиликтүү бийлик органдары бул милдеттин маанисин толук түшүнүп, тиешелүү деңгээлде иш алып бара албай жатышат.
“Аймактарда жаңы ишканалардын ачылышына кызыкдарлык төмөн, жумуш орундарын түзүү боюнча демилгелер жетишсиз. Айрым аймактарда бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана натыйжалуу пайдалануу боюнча кемчиликтер орун алууда. Мунун кесепеттери ички миграциядан ачык көрүнүүдө. Калктын Бишкекке топтолушу борбор калаанын транспорттук жана социалдык инфраструктурасына кошумча күч келтирип, жол тыгындары чоң көйгөйгө айланды”, - деди минкаб жетекчиси.