«Ынтымак Ордодо» жергиликтүү аткаминерлер жок нерсени кошуп жазганы айтылды
Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешме өттү.
Мамлекет башчысынын администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев жер-жерлердеги айрым аткаминерлер каалоону чындык катары көрсөтүп жатканын айтып берди.
Анын айтымында, Нарын облусунун Кочкор районунда өнөр жайды өнүктүрүү тууралуу отчет түзүүдө жаңы ишканалардын тизмесине мончолор, мейманканалар, дарыканалар жана дүкөндөр киргизилген.
Район жетекчилеринин 2021–2026-жылдардагы отчетунда 37 өнөр жай ишканасы ачылганы көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү тизмеге өнөр жай өндүрүшүнө түздөн-түз тиешеси жок объекттер киргенин көрсөттү.
Азамат Кадыралиев кошумчалагандай, бурмаланган отчеттуулук Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда да аныкталган.
Райондук бийликтин быйылкы жылдын тогуз айындагы документтеринде 350 ишкананын ачылышы көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү учурунда жергиликтүү администрациянын кызматкерлери отчеттук тизмедеги айрым объекттердин кайда жайгашканын көрсөтө алышкан эмес.
Мындай фактылар экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүн калыптандыруудагы туура эмес мамилени далилдейт деп билдиришти президенттин администрациясынан.
Азамат Кадыралиевдин айтымында, мамлекеттик мектептердин, медициналык объекттердин жана жолдордун курулушун инвестиция тартуу боюнча өзүнүн ишинин натыйжасы катары көрсөткөн акимдер бар.
Муну менен бирге, мисалы, Жети-Өгүз районунда 2025 жана 2026-жылдардын тогуз айында инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү жеке инвесторлордун үлүшү 0,3 пайызды гана түзгөн.
Кеңешмеде отчеттордо ишканалардын санын формалдуу көбөйтүү өзүнөн-өзү өнөр жайдын өнүгүшүн билдирбей турганы айтылды.