Барскоондо 740 миң сомго тренажер сатып алынган, бирок спорт зал жок болуп чыкты
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында өнүктүрүү фондунун эсебинен баасы 740 миң сомдук машыгуу куралдары сатып алынды. Бирок текшерүүдө спорт залдын өзү табылган жок, деп Президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев маалымдады.
"Акипресс" маалыматтык агенттигинин маалыматына ылайык, ал 23-ноябрда Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде баяндама жасады.
Анын айтымында, машыгуу куралдары 2025-жылы райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен сатып алынган. Мониторинг жүргүзүү учурунда алар жеке турак жайдын аймагындагы чарбалык курулушта турганы, фитнес-зал жок экени аныкталды.
Кадыралиев бул учурду аймактык өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын натыйжасыз пайдалануунун жана каржыланган долбоорлордун ишке ашырылышына тийиштүү көзөмөлдүн жоктугунун мисалы катары келтирди.
Ал айрым аймактарда каражат бөлүнүп жатканын, бирок жооптуу жетекчилер долбоорлордун аткарылышын жана жыйынтыктарды текшербей жатканын айтты.