Жарнама

Бишкектеги автобус тилкелерине камералар орнотула баштайт

24.11.26 | 09:45
Бишкектеги автобус тилкелерине камералар орнотула баштайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте автобустар үчүн бөлүнгөн тилкелерге жол эрежесин бузгандарды каттай турган камералар орнотулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, мындай камералар ушул жумада эле Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектине коюлат, ал эми кийинки жумада дагы бир-эки тилкеде пайда болот.

“Коомдук транспортто бараткан эл тыгында турбашы керек. Жеке унаа ыңгайлуу болгону менен, бир автобуска 60–70 киши батса, жеңил машинеге эң көп дегенде үч-төрт гана адам батат. Ошондуктан коомдук транспортко артыкчылык беребиз”, — деди Алиев.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча