Жарнама

Бишкекте ислам динин кабыл алган 80 жаранга умрага жолдомо белекке берилди

24.11.26 | 10:02
Бишкекте ислам динин кабыл алган 80 жаранга умрага жолдомо белекке берилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте жакында ислам динин кабыл алган 80 жаранга Сауд Арабиясына кичи ажылыкка — умрага жолдомо белекке берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) билдирди.

Жолдомолорду тапшыруу «Имам Сарахсий» мечитинде өттү. Кайрымдуулук акциясын туристтик компаниялардын бири КМДБ менен биргеликте уюштурган. Жолдомолорду орус улутундагы 55 жана корей улутундагы 25 жаран алды.

Муфтийдин орун басары Рафаил Татиков болочок зыяратчыларга насаат сөзүн айтып, ак жол каалады.

Туркомпаниянын жетекчиси Мадали Ойтемировдун айтымында, демилге ар улуттун өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ынтымакты бекемдөөгө багытталган. Сапардын катышуучулары Мекке жана Медина шаарларындагы ыйык жайларды зыярат кыла алышат.

Умра ажылыктан айырмаланып, ислам календарынын белгилүү бир күндөрүнө байланган эмес жана жылдын башка мезгилинде да аткарылышы мүмкүн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча