Жарнама

"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына жол тандабас унаалар гана киргизилет

24.11.26 | 10:14
"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына жол тандабас унаалар гана киргизилет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

1-декабрда Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында ачыла турган "Ала-Тоо Резорт" эс алуу жайына тоолуу аймактын жол шарттарына байланыштуу толук кышкы дөңгөлөктүү, өтүмдүүлүгү жогору, жолтандабас унаалар гана кире алат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн Жыргалаң айылында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.

"Ал жерден ачылыш аземи өтүүчү жайга чейин коноктор жол тандабас унаалар менен борборлоштурулган тартипте жеткирилет. Иш-чара аяктагандан кийин аларды кайра унаа токтотуучу жайга жеткирүү да каралган", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ конокторду жеке унааларын белгиленген жайга калтырууга, уюштурулган транспорт кызматынан пайдаланууга жана кышкы аба ырайын эске алуу менен сапарын алдын ала пландаштырууга чакырды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча