MegaTVнин жаңы колдонуучулары Амедиатеканын 7 күндүк сыноо мөөнөтүнөн пайдалана алат
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору MegaTV мобилдик колдонмосунун жаңы колдонуучуларына Амедиатека онлайн кинотеатрынан 7 күн бою акысыз контентти көрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Атайын сунуш 2026-жылдын 23-ноябрынан 13-декабрына чейин күчүндө болот. Бул мезгил ичинде MegaTVнин жаңы колдонуучулары Амедиатекага жазылып, платформадан чыкпастан эле кино тасмаларды жана телесериалдарды көрө алат.
Сунуш кызыктырган болсо, App Store жана Google Play аркылуу MegaTV колдонмосун жүктөп алып, «Амедиатекага» жазылыңыз. Жазылууну активдештиргенден кийин, 7 күндүк сыноо мөөнөтү автоматтык түрдө башталат.
Колдонуучулар жумуштан кийинки убактысын үй-бүлөсү менен биргеликте кызыктуу тасма же телеберүү көрүп, жагымдуу өткөрүү үчүн каалаган контентин тандай алат.
Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин, жазылуу автоматтык түрдө 30 күнгө 500 сом болгон стандарттуу баада жаңыланат.
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР