Жарнама

Талас облустук ооруканасына 3,4 млн сомдук жабдуулар берилди

24.11.26 | 11:27
Талас облустук ооруканасына 3,4 млн сомдук жабдуулар берилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Альянс алтын" компаниясы Талас облустук ооруканасына жалпы баасы 3 млн 416 миң сомду түзгөн заманбап хирургиялык жабдууларды тапшырды.

Компаниянын маалыматына ылайык, жабдууларды АКШнын Medtronic компаниясы чыгарган. Алардын катарында электрохирургиялык платформа жана ачык, ошондой эле лапароскопиялык операцияларды жасоого арналган атайын аспаптар бар.

Дарыгерлердин айтымында, жаңы жабдуулар операция учурунда ткандарды кесүү менен бирге кан тамырларды бекитүүгө мүмкүндүк берет. Бул кан жоготууну азайтып, операцияларды тезирээк жана коопсуз жүргүзүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле бейтаптардын операциядан кийинки калыбына келүү мөөнөтүн кыскартып, ооруканадан эртерээк чыгышына өбөлгө болот.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча