Жарнама

Бишкекте үч жашар баланы сүзгөн велосипедчен өспүрүмдүн апасы милицияга жеткирилди

24.11.26 | 12:20
Бишкекте үч жашар баланы сүзгөн велосипедчен өспүрүмдүн апасы милицияга жеткирилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

23-ноябрда саат 21:00 чамасында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде велосипедчен адам үч жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Милициянын маалыматы боюнча, баланын атасы арыз менен кайрылган. Ал 2023-жылы туулган уулун велосипед тээп бараткан белгисиз бала сүзүп кеткенин айткан.

Арыз ээси соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 2010-жылы туулган өспүрүмдүн өздүгүн аныкташты. Биринчи май РИИБге анын апасы алып келинди.

Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча