Жарнама

Бишкекте эттин баасын негизсиз көтөргөндөргө айып салынууда

24.11.26 | 12:32
Бишкекте эттин баасын негизсиз көтөргөндөргө айып салынууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте эт жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, анын максаты баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо болуп саналат.

Өткөн аптада райондук администрациялар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте уй жана кой этин сатуу боюнча 106 кызматташуу келишимин түзгөн.

"2025-жылдын август айынан бери Октябрь районунда 598 рейд өткөрүлүп, эттин баасын белгиленген чектен жогору койгон сатуучуларга карата алты административдик протокол түзүлгөн. Жалпы 56 миң сом айып салынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүүлөр шаардын бардык райондорунда жүргүзүлүп, сатуучуларга белгиленген бааларды сактоо жана баа белгилерин илип коюу талаптары түшүндүрүлүүдө. Мониторинг мындан ары да улантылат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча