Жарнама

Быйылкы жылы чет өлкөдөн кыргызстандыктардын 50дөн ашык балдары кайтарылды

24.11.26 | 13:41
Быйылкы жылы чет өлкөдөн кыргызстандыктардын 50дөн ашык балдары кайтарылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Быйыл чет өлкөдө, анын ичинде Россияда жүргөн өлкө жарандарынын 50дөн ашык баласын Кыргызстанга кайтарууга мүмкүн болду. Бул тууралуу бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлик ички иштер органдары менен биргеликте чет өлкөгө иштегени кетип, балдарын туугандарына калтырган ата-энелерди камкорчулукту юридикалык жактан расмийлештирүүгө милдеттендирүүчү механизмди иштеп чыгууда.

Бул балдарга иш жүзүндө кам көрүп жаткан чоңдордун жоопкерчилигин жогорулатууга жана балдардын укуктарын коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Комитет министрликтин 2025-жылдагы жана 2026-жылдын январь — октябрь айларындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты укту.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча