Жарнама

ЖК депутаты социалдык келишимдин өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады

24.11.26 | 14:02
ЖК депутаты социалдык келишимдин өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова Эмгек министри Алмаз Имангазиевден социалдык келишим программасынын жыйынтыктарына жана анын аркасында канча үй-бүлө жакырчылыктан чыга алганына кызыкты.

Имангазиев программанын катышуучулары 60 миңден ашуун жаран болгонун билдирди. Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматы боюнча, алардын 90 пайызга жакыны өз долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып, туруктуу киреше булагына ээ болушкан.

Муну менен бирге Кайрылбекова социалдык келишимдин өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Анын пикиринде, инфляцияны эске алганда азыркы 150 миң сом толук кандуу чакан бизнести баштоо үчүн жетишсиз болуп калды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча