Эмки жылы Кыргызстандын мектеп окуучулары жаңыланган аш тизме боюнча тамактанат
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин депутаттары Баткен облусундагы көчмө жыйынында мектептерде тамактандырууну уюштуруу маселесин талкуулашты.
Депутат Токтобүбү Ашымбаева белгилегендей, каржылоонун жетишсиздигинен улам тамактануу рациону жабыркап, балдарга темир, кальций, цинк жана башка маанилүү минералдар жетишпей жатат.
«2021-жылы ЮНИСЕФ изилдөө жүргүзүп, ага ылайык балдардын 47 пайызында темир жетишсиздиги байкалган, ал эми 20 пайызы аз кандуулуктан жабыркайт. Бул, албетте, мектеп тамактануусунан гана эмес, жалпы рациондон улам. Бирок балдар бала бакчаларга жана мектептерге барып, ошол жактан тамактанышат, ошондуктан мамлекет да балдардын рационуна көңүл бурушу керек. Биз мектепке барып, аш тизмени изилдеп чыктык — эки күн компот, үч күн кант кошулган чай беришет экен. Бизде ансыз деле таттуу суусундуктар көп, диабет менен ооруган балдардын саны өсүүдө», — деди депутат.
Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев 1-4-класстардын окуучулары 2006-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен мектептерде ысык тамак менен камсыз болуп келе жатканын билдирди. Анда күнүнө 7 сом бөлүнсө, 2024-жылдан тарта сумма эки эсеге — 14 сомго чейин көбөйтүлгөн.
«2027-жылдын январынан тарта президенттин жарлыгы менен жана министрлер кабинетинин токтомунун негизинде 40 сомдон бөлүнөт. Тамак-аш менен 615 миң 417 бала камсыздалат, акчалай түрдө бул 1,5 миллиард сомду түзөт. Агартуу министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте меню иштеп чыгып, ал сыноодон өтүп, 2026-жылдын 30-сентябрында бекитилди, 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Рациондо этти, жумуртканы, балыкты, сүт азыктарын, жашылчаларды жана көк чөптөрдү колдонуу кеңейтилип, таттуу чай алынып салынды», — деп белгиледи министрдин орун басары.
Ал учурда 2 миң 101 билим берүү мекемесинин ичинен 1 миң 924 мектепте ысык тамак уюштурулганын, ал эми 137 мектепте ашкана уюштурууга шарт жок болгондуктан ысык тамак берилбесин, айрым учурларда таза суу көйгөйлөрү бар экенин кошумчалады.
Каржылоо 40 сомго чейин көбөйтүлгөндөн кийин бюджеттен канча каражат бөлүнөрүн жана өлкөнүн бардык мектептери качан ысык тамак менен камсыз болорун аткаминер тактаган жок.